Мындан 10 жыл мурда Ош шаардык мэриясынын балансында турган 3.5 гектар жер тилкеси жеке менчик колдорго өтүп кеткенин, бул жер тилкелери Оштун чок ортосунда жайгашып, кымбат тураарын, учурда аталган жерде көп кабаттуу курулуштар жүрүп жатканын Ош шаардык Кеңештин депутаты Болот Баетов билдирди. Ал ошол жер боюнча маалымат сураганда, Ош мэриясынын, шаардык архитектуранын, жада калса, прокуратуранын да, маалыматы жок экенин айтты. Депутат мыйзамсыз берилип кеткен жер тилкелерин кайра мамлекетке кайтаруу керектигин белгиледи.