Ошто 278 батирлүү ипотекалык турак үйдүн курулушу башталды

Автор

Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык ипотекалык ишканасы тарабынан Краснофлотская көчөсүнүн №5-б дарегинде көп кабаттуу үйдүн курулушуна мезгил кутутсу салынды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Капсула салуу аземине Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов, башкы прокурорунун орун басары Малик Бектурганов, муниципалдык аймактык башкармалыктардын жетекчилери жана жергиликтүү тургундар катышты.
Долбоорго ылайык, курула турган 9 кабаттуу турак үй 278 батирге ылайыкташкан. Үйдүн жер төлөсүндө унаа токтоочу жай болот. Ал эми короосуна балдар аянтчасы курулуп, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштери жүргүзүлөт.
Белгилей кетсек, турак жай курулуп бүткөрүлүп, колдонууга берилгенден кийин 45 батир прокуратура кызматкерлерине кызматтык турак жай катары өткөрүлүп берилип, калган батирлер Ош шаарынын мэриясынын үлүштүк курулуш программасынын алкагында жарандарга тапшырылат.
Турак жай 2027-жылдын 3-кварталында пайдаланууга берилет.

Бөлүшүү:
Next Post

Бишкекте режиссёр айымдардын VI эл аралык кино форуму өтөт

Бишкекте 27-29-ноябрь күндөрү кыргызстандык режиссёр жана акриса Клара Юсупжановага арналган VI эл аралык кино форум өтөт. Бул тууралуу форумдун уюштуруучулары билдиришти. Маалыматка ылайык, иш-чарага Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандан 17 режиссёр айым катышып, көрүүчүлөргө өз эмгектерин тартуулашат. Ошондой эле иш-чаранын алкагында Казакстан жана Өзбекстандан келген катышуучулар мастер-класстарды өткөрүшүп, тажрыйбалуу режиссер […]

Сизге жагышы мүмкүн