Ошто эки деңгээлдүү жол өтмөгүнүн курулуш иштери башталды

Автор

Ош шаарында эки деңгээлдүү жол өтмөгүнүн курулуш иштери башталды. Мэрдин орун басары Замир Юсупов бүгүн муниципалдык мекеме-ишканалардын жетекчилери менен жеринде техникалык көчмө жыйын өткөрдү.
Анда эки деңгээлдүү жол өтмөгү Монуев – Шакиров – Алимжанов көчөлөрүнүн кесилишине курула тургандыгы айтылды.
Мында тиешелүү кызматтарга өздөрүнө тиешелүү болгон жумуштарды ыкчам бүткөрүп берүү, жумушту 2 нөөмөт менен уюштуруу, мыймасыз курулуштарды иретке келтирүү боюнча тапшырмалар берилди.
Буга чейин шаардык архитектура башкармалыгы тарабынан жолго чыгып кеткен же курулушка тоскоолдук жараткан соода түйүндөрүн иретке келтирүү, алып салуу боюнча ээлерине түшүндүрүү иштерин жүргүзүлгөн.
Белгилей кетсек, долбоордун биринчи этабын ишке ашыруунун алкагында Монуев көчөсүндө унаа тыгынынын пайда болушунун алдын алуу максатында жол толук жабылбайт.
Белгиленгендей, жумуштар жалпы 600 метр аралыкта жүрөт. Жол азыркыдан бир топко кеңейтилип, тротуар жана ирригациялык тармактар кошо курулат.

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүнкү доллардын курсу

Бүгүн, 20-июнь саат 9:00гө карата Кыргызстандын коммерциялык банктарда жана акча алмаштыруучу жайларда 1 долларды сатып алуу 86 сом 50 тыйындан болсо, сатуу 87 сом 40 тыйынга чейин болууда. Ал эми Улуттук банкта 1 доллардын курсу 87 сом 03 тыйын деп көрсөтүлгөн Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн