Ошто системалуу түрдө акча талап кылган бажы кызматкерлери кармалды

Автор

Ошто системалуу түрдө акча талап кылып келген бажы кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Атайын кызмат тарабынан “Коррупция” беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында 4-декабрда Кара-Суу районунун аймагында Бажы кызматынын “БИМИ Ош сервис” бажылык каттоо бөлүмүнүн кызматкерлери арасында бажы тазалоо жол-жоболорун тездетип жүргүзгөндүгү жана бажы мыйзамдарын бузууларды жашыргандыгы үчүн тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн катышуучуларынан системалуу түрдө акча чогултуу фактылары боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлдү.
Аталган кылмыш иши боюнча “БИМИ Ош сервис” бажылык каттоо жеринин эки башкы инспектору А.Д.М .жана А.А.Ш., 2 улук инспектору Ж.у.К. жана Ж.Ч.И., “Ош” бажы көзөмөл бөлүмүнүн башкы инспектору К.М.Н. жана “Мега логистик” БКЖнын башкы инспектору Р.М.М., ошондой эле ортомчу катары иш алып барган оператор кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Бөлүшүү:
Next Post

«Кыргызстандын футбол боюнча мыкты калысы» талапкерлери аталды

KFU Football Awards – өткөн сезондун жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын футбол тармагындагы эң мыктыларын сыйлоо аземи өткөрөт. Бул тууралуу аталган биримдиктен билдиришти. Маалыматка ылайык, «Кыргыз Республикасынын футбол боюнча мыкты калысы» наамы үчүн төмөндөгүлөр ат салышууда: Эрлан Осмонов – Биринчи категориядагы калыс Вероника Бернацкая – ФИФА калысы Нурзат Абдыкадыров – ФИФА калысы […]

Сизге жагышы мүмкүн