Ошто сел агызып кеткен 4 жаран изделүүдө

Автор

Ошто сел агызып кеткен 4 жаран изделүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Алдын ала маалымат боюнча, сел агызып кеткендер бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү – 1980-жылы туулган Д. Н. (аял киши), анын кыздары 2005-жылы туулган М., 2014-жылы туулган М. жана 2018-жылы туулган С. Алар Төлөйкөн айылындагы “Мөл-Булак” эс алуу борборунда эс алып жүрүшкөндө сел агызып кеткен.
Жеринде ӨКМдин куткаруучулары издөө-куткаруу ишин жүргүзүүдө.
Белгилей кетсек, бүгүн саат 14:00дөр чамасында катуу жаандан улам Ак-Буура дарыясынын деңгээли нугунан ашып, борбордук базарды, Төлөйкан айылын жана Озгур айылындагы Борубай-Ата эс алуу жайын каптаган. Акыркы маалыматтар боюнча, жеринде куткаруучулар 500гө жакын адамды эвакуациялап, учурда күчөтүлгөн режимде иштеп жатышат.

Бөлүшүү:
Next Post

Оштогу селдин кесепеттерин жоюуга 258 куткаруучу жана 20 техника тартылды

Учурда Ош шаарындагы сел жүргөн аймактарга 258 куткаруучу тартылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Алар Төлөйкан айылында жана Кара-Суу районунда селдин кесепеттерин жоюу иштерин жүргүзүүдө. Жеринде ӨКМдин 5 оор техникасы, ага кошумча 15 инженердик техника тартылды. Белгилей кетсек, бүгүн саат 14:00дөр чамасында катуу жаандан улам Ак-Буура дарыясынын деңгээли нугунан […]

Сизге жагышы мүмкүн