Ошто селдин кесепетинен жабыркагандарга кенемтелер берилди

Автор

Ош облусунда селдин кесепетинен жабыркаган турак жай ээлерине кенемтелер берилди. Бул тууралуу Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кенемтелер Ош шаарында жана Кара-Суу районунда июль айында жүргөн селдин кесепетинен жабыркаган турак жай ээлерине тапшырылды. Сел жүргөндө катталган 41 учурга жалпысынан 6 млн 632 миң сом төлөндү. Табигый кырсыкта 9 үй толугу менен жараксыз болуп калган. Ар бир үй үчүн кожоюндары 500 миң сомдон алышты.
Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунан белгилешкендей, жыл башынан бери өлкө боюнча 182 турак жай өрттөн жана табигый кырсыктан жабыркагандыктан, аларга 22 млн 165 миң 726 сом төлөндү.

Бөлүшүү:
Next Post

Украин аскерлери Угледар шаарынан кетти

Украин аскерлери Донецк облусунун түштүк-батышындагы Угледар шаарынан чыгып кетишти. Бул тууралуу Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн билдирүүсүндө айтылат. «Каршылаштын аракеттеринин натыйжасында шаардын курчоого алуу коркунучу жаралды. Жогорку командачылык жеке курамды жана аскердик техниканы сактоо максатында Угледардан бөлүктөрдү чыгарууга уруксат берди»,-деп айтылат билдирүүдө. Угледар стратегиялык жактан маанилүү шаар. Кышында согуш талаасындагы ыңгайлуу жай. […]

Сизге жагышы мүмкүн