Ошто селден бир адам каза болду

Автор

Ош облусунда жеңил унааны сел суусу агызып, бир адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, Кара-Кулжа районунун Мырзаке – Кара-Кулжа –Алайкуу унаа жолунун 41-чакырымдарында 1 жеңил унааны сел агызып, унаанын ичинде 1 эркек, 2 аял жана 1 жаш бала болгон ( аты-жөндөрү такталууда).
2 аял кишини жана жаш баланы жергиликтүү тургундар куткарып калышкан. Ал эми унаанын айдоочусун сел агызып кеткен.
Издөө иштерине Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынан 11 куткаруучу тартылып, ал жарандын жансыз денесин таап, сайдан чыгарышып туугандарына өткөрүп беришкен.

Бөлүшүү:
Next Post

Париж -2024: Амантур Исмаилов Олимпиадага жолдомо алды

Кыргызстандык балбан Амантур Исмаилов быйыл Парижде өтө турган жайкы Олимпиада оюндарына лицензия утуп алды. Ал 67 кг чейинки салмакта жолдомо үчүн беттеште кытайлык Хусиету Хусиетуну 9:1 эсебинде утту. Буга чейин Түнтүк Кореядан келген Ёнг Жин Рон атту спортчуга эки жолу 5 упайлык ыкма колдонуп, жыйынтыгында 11:0 ири эсебинде жеңишти камсыздай […]

Сизге жагышы мүмкүн