Министрлер Кабинетинин чечими менен «Ош шаарында катуу тиричилик калдыктарын сорттоочу станцияны түзүү жана эксплуатациялоо» Кыргыз Республикасында мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн пилоттук долбоорун ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө токтом кабыл алынганын өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
“Документ Ош шаарынын санитардык-экологиялык абалын жакшыртуу, көмүртектин чыгышын жана булганышын азайтуу, “жашыл” жумуш орундарын жана калктын жашоосу жана ден соолугу үчүн жагымдуу чөйрөнү түзүү, энергияны пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу, ресурстарды жана экосистемалык кызмат көрсөтүүлөрдү, ошондой эле жеке инвестицияларды тартуу жана Ош шаарынын инфраструктурасын өнүктүрүү максатында кабыл алынды”,- дейт маалыматта.