Оштун мэриясы, «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасы менен биргеликте көмүрдү арзан баада сатуучу жайларды уюштурду. Бул тууралуу мэриядан билдирди.
Маалыматка ылайык, көмүрдүн баасы 1 килограммга 5 сомду түздү.
Арзан баада көмүр төмөнкү даректер боюнча сатылууда:
- “Амир-Тимур” муниципалдык аймактык башкармалыгы С.Айни №80 көчөсү;
- «Туран» муниципалдык аймактык башкармалыгынын мамлекеттик кызмат көрсөтүү бюросу (Дачи кичи району);
- “Жапалак” айылдык аймактык башкармалыгынын Татар айылындагы Т.Уларов №13 көчөсү.