14-апрелде саат 23:11де Кыргызстандын аймагында очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Сейсмология институтунун маалыматына таянып билдирди.
Маалыматка ылайык, жердин силкинүүсү Ош шаарында 4 баллга, Ош облусунун Кара-Суу шаарында 3,5 баллга, Ноокат шаарында 3 баллга, Өзгөн шаарында 2,5 баллга чейин сезилген.
Учурда жер жерлеринде жабыркагандар жана кыйроолор боюнча тактоо иштери жүргүзүлүүдө.