Ошто Кыргыз-Өзбек университетинин деканы кармалды

Автор

Ош шаарындагы жогорку окуу жайлардын бириндеги коррупциялык схема жоюлду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 9-сентябрда УКМК тарабынан Ош шаарындагы Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин (КУМУ) финансы-экономика факультетинин деканы Ш.Ш.О. мамлекеттик экзамендерди тапшырууда студенттерден системалуу түрдө опузалап акча талап кылгандыгы үчүн кармалды.
Буга чейин Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгү (опузалап пара талап кылуу) менен Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин гуманитардык-педагогикалык факультетинин деканы У.И.С. жана декандын орун басары Д.у.Д. кармалган.
УКМК өлкөнүн жогорку окуу жайларында коррупциялык көрүнүштөр болбошу керектигин эскертип, жарандарды окуу жайлардагы коррупциялык фактылар жөнүндө билдирүүгө чакырат.

Бөлүшүү:
Next Post

V Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары - 2024: Кыргызстан медалдык эсепте экинчи келатат

Казакстанда өтүп жаткан Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын үчүнчү күнүндө Кыргызстандын курамасы тогуз медалга ээ болду. Бул тууралуу көчмөндөр оюндарынын сайтында айтылат. Маалыматка ылайык, Кыргызстандык команданын эсебинде азыр жети алтын, жети коло жана тогуз күмүш медаль бар. Медалдык эсепте Кыргыз курамасы казакстандык командадан кийин экинчи орунда келатат. Эске сала кетсек, V Дүйнөлүк […]

Сизге жагышы мүмкүн