Калаа башчысы Бакытбек Жетигенов Оштун инфраструктурасын жакшыртуу жана жаңы кичи райондорду куруу максатын көздөп, Кытайлык Сычуань провинциясынан келген курулуш тармагынын өкүлдөрүн кабыл алды. Алар административдик-аймактык реформадан улам кошулган конуштарды өнүктүрүү жагын колго алууга кызыктар экендиктерин билдиришти.
Мэриянын басма сөз кызматы маалымдагандай, эки тараптуу жолугушууда жаңы кичи райондорду куруу боюнча да сөз жүргөн.