Ошто жаңы автобустар каттамга чыгат

Автор

Эртең, 4-июлда Өзбекстан-Кыргыз өнүктүрүү фондунун колдоосу менен сатылып алынган Isuzu Saz Le 60 үлгүсүндөгү жаңы автобустар Ош шаарындагы No43 жаңы линияга чыгат. Бул тууралуу түштүк борбордун мэриясы социалдык тармактарга билдирди.
Бул линия 143-маршруттук таксини алмаштырат.
Кийинки аптада автобустар аэропорт – Касымбекова – Раззакова – Масалиев – Тилеке Баатыр – Исанов көчөлөрү (Түштүк-Чыгыш кичи району) маршруту боюнча ишке киргизилген №7 жаңы линия боюнча иштей баштайт.
Жакын арада No 49 жана 25-линияларда да жаңы автобустар пайда болот.

Бөлүшүү:
Next Post

Абшыр-Атада калган 200дөн ашуун унаага ушул жума жол ачылат

Ноокаттыгы селде Абшыр-Атада 200дөй киши коопсуз жайга эвакуацияланды. Бул тууралуу Президенттин Ош облусундагы өкүлү Эльчибек Джантаев билдирди. Маалыматка ылайык, Абшыр-Сай шаркыратмасынын жогорку тарабында сел алып кеткен жолду калыбына келтирүү иштери жүрүп жатканы айтылды. Эльчибек Джантаев «Ош-Баткен жолун байланыштырган көпүрө убактылуу калыбына келтирилип, жаңы көпүрө салынууда. Ошол жактагы техника, жумушчу күчтөрдү […]

Сизге жагышы мүмкүн