Ошто бала бакчага кабыл алууда 15 миң сом талап кылган кызматкер кармалды

Автор

Ош шаарында бала бакчага кабыл алуу үчүн 15 миң сом талап кылган кызматкер кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.
ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгына арыз менен Ош шаарынын тургуну кайрылып, анда ал 2024-жылдын июль айында кызын Ош шаарындагы балдар бакчасына киргизүү үчүн барган учурда балдар бакчанын адиси 15 миң сом акчаны пара катарында сурап жаткандыгын билдирген.
Аталган факт Ош шаардык миоицияга каттоого алынып, кылмыш иши козголгон. Ыкчам иш-чаралар уюштурулуп, 28-август күнү бала бакчанын адиси А.Т. 15 миң сомду алып жаткан учурда кармалып, далил буюм катары алынган.
Бала бакчанын адиси 1986-жылы туулган А.Т. тергөө кызматына камсыздалып, тийиштүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Бөлүшүү:
Next Post

Бишкекте эгемендүүлүк күнүндө жарманке өтөт

Бишкекте Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына жана Эгемендүүлүк күнүнө арналган атамекендик продукциялардын көргөзмө-жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, көргөзмө саат 11:00дөн 16:00гө чейин Турдакун Усубалиев атындагы аянтта уюштурулат. Анда тамак-аш, айыл чарба, текстиль, кол өнөрчүлүк, оор өнөр жайы жана автоөндүрүш тармактарынын продукциялары көрсөтүлөт. Көргөзмө-жарманкеде 100дөн […]

Сизге жагышы мүмкүн