Ошто Бакыт Жетигеновдун жылдызы жанды

Автор

Ош шаарынын мэри Бакыт Жетигенов элдин оозуна алынып, жүрүм-туруму, жөнөкөй мүнөзү жана иштермандуулугу менен Ош тургундарынын алкоосуна арзыды. Анын экинчи борборду өнүктүрүүдө жасаган эмгеги ат көтөргүс экендиги, жолдорду кеңейтип, жөө жүргүнчүлөргө шар түзгөнү, саясий интригалар менен алектенбегени айтылууда. “Оштун тарыхында эң жакшы иштеген Мелис Мырзакматов, андан кийин Бакыт Жетигенов болду. Учурдагы мэрди борборго которбой турушса, Ошто дагы көп жакшы иштер алдыга жылат”,- деген пикирлер басымдуулук кылат.

Эгер саясатка садага чабылбаса, Бакыт Жетигеновдо министрлер кабинетин башкараар дарамет бар экени айтылып келет.

Бөлүшүү:
Next Post

Сирияда дагы 340 кыргызстандык бар

Өткөн жумада Сириядан 21 аял, 60тан ашуун балдар алынып келинген. Бирок, дагы кайтарыла турган 340 Кыргызстандык жаран  бар экендиги, аларды да алып келүү иш аракети жүрүп жатканы белгилүү болду. Кайтып келген жарандардын учурда паспорттору жок. Эми аларга алгач, реабилитациялык иш аракет жүргүзүлүп, билим берилип, диний аалымдардын сабагы өтүлөт. Белгилүү болгондой, […]

Сизге жагышы мүмкүн