Ош шаарында “Аялдар кеңеши” бирикмеси тарабынан уюштурулган “Аял-эне, аял-жар, аял-коомдун күзгүсү мамлекттин жаркын келечеги!” аталышында форум өттү.
Иш-чарага Ош шаарынын мэриясынын өкүлдөрү, Республикалык аялдар бирикмесинин төрайымы Атыргүл Кожоева жана окуу жайдын окутуучулары катышты.
Форумдун алкагында университеттин илимий чөйрөсүнүн өкүлдөрү үй-бүлөдө аялдардын укуктарынын бузулушунун алдын алуу жана коргоо, өнүгүү максатында коюлган баштапкы кадамдарында демилгелерин колдоо, мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү боюнча докладдарды жана презентацияларды жасашты.