Оштогу селдин кесепеттерин жоюуга 258 куткаруучу жана 20 техника тартылды

Автор

Учурда Ош шаарындагы сел жүргөн аймактарга 258 куткаруучу тартылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Алар Төлөйкан айылында жана Кара-Суу районунда селдин кесепеттерин жоюу иштерин жүргүзүүдө.
Жеринде ӨКМдин 5 оор техникасы, ага кошумча 15 инженердик техника тартылды.

Белгилей кетсек, бүгүн саат 14:00дөр чамасында катуу жаандан улам Ак-Буура дарыясынын деңгээли нугунан ашып, борбордук базарды, Төлөйкан айылын жана Озгур айылындагы Борубай-Ата эс алуу жайын каптаган. Жеринде куткаруучулар 420дан ашуун адамды эвакуациялап, учурда күчөтүлгөн режимде иштеп жатышат.

Бөлүшүү:
Next Post

Евро -2024: Испания футбол боюнча Европа чемпиону болду

Испания төртүнчү жолу футбол боюнча Европа чемпиону болду. Испания курама командасы Евро-2024 финалында Англияны 2:1 эсебинде утуп алды. Эки команда биринчи бөлүктө эсеп санын ача алышкан жок. Экинчи бөлүктүн башында испаниялык чабуулчу Иньяки Ульямс эсеп санын ачты. Анын артынан көп өтпөй англиялыктар эсепти теңеди. 87- мүнөттө Микель Оярсабаль гол киргизип, […]

Сизге жагышы мүмкүн