Оштогу мектепте жылуулугу жок окуп жатышат

Автор

Ош шаарындагы N:20 Исхак Раззаков атындагы мектеп биртоп көйгөйлөрү менен иштеп жатат. Учурда мектепте жылуулук жок, окуучулар калың кийимдерин чечпей окуп жатышат. 3000 ашык окуучу окуган билим уясынын абалы оор бойдон калууда. Мектеп гимназия 2013-жылы курулган. Долбоор боюнча анын жылуулугу шаардык жылуулукка уланышы керек эле. Бирок, 2024-жылга чейин көп кабаттуу үйлөр көбөйүп кетти деген шылтоо менен мектепке өз алдынча от казан курулган. Директор Акылбек Ташбаев “мектептин өрт коопсуздугу боюнча документи, актысы жана электр энергиясы боюнча документтери бүтө элек”,- деп билдирди. Мектеп өтө сапатсыз бүткөрүлгөн. Спорт аянтчасынын таванынын 13 жеринен суу өтөт, сырт жагын да суу каптап турат. Мектепти 284 млн сомго “Капитал курулуш компаниясы бүтүргөн.
Компания мектептин кемчилигин өз эсебинен жоюларын убадалап жатат.

Бөлүшүү:
Next Post

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын бетине сыя чачты

Грузияда “Биримдик -Улуттук кыймыл” партиясынын өкүлү Давид Киртадзе Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Георгий Каландаришвилинин бетине сыя чачып жиберди. 26-октябрда Грузиядагы шайлоодо 2012-жылдан бери бийликте турган “Грузин Кыялы” партиясы кайрадан жеңишке жетишип, бирок, оппозиция шайлоонун жыйынтыгын тааныган эмес. Аталган партия грузиянын олигархтарынын бири Бидзина Иванишвилиге таандык. Оппозиция аларды орусияга ыктаган деп […]

Сизге жагышы мүмкүн