ОшМУнун проректору жаңы кызматка дайындалабы?

Автор

Ош Мамлекеттик Университетинин окуу иштери боюнча проректору Нурлан Өмүровдун билим берүү министринин орун басарлык кызматына кудаланып жатканы саясий тар чөйрөдө сөз болуп жатат.
Мындайда аталган ведомствонун учурдагы орун басарларынын кимиси кызматынан кол жууру азырынча белгисиз. Нурлан Өмүров 2019-2022-жылдар аралыгында билим берүү министринин орун басарлык кызматын ээлеген. 2023-жылы ОшМУга 1-проректор болуп дайындалган. Парламент жыйынында Өзгөндү Баткен облусуна карайт деп адашып айтып алган жайы бар.

Бөлүшүү:
Next Post

Курманкул Зулушев кызматынан кол жууду

Октябрь төңкөрүшүнөн кийин 2020-жылы Кыргызстандын башкы прокурору кызматына дайындалган Курманкул Зулушев бүгүн, 3-июнда ээлеген кызматынан бошотулду. Өткөн айларда экс-депутат Шайлообек Атазов парламент жыйынында аны айыптап, кызматтан кетиши керек деп билдирген эле. Анын эмне себептен кеткени азырынча белгисиз. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн