Орусиянын президенти Владимир Путин Федерал коопсуздук кызматына (ФСБ) тапшырма берди. Анда Орус мамлекетине кыянаттык кылган жарандарды жаза мөөнөтүнө карабай жазалоо чарасы айтылган.
Путиндин бул тапшырмасы Украинага өтө качкан орус аскерлерине багытталат. Өткөн айда Украинага өтө качкан учкуч Максим Кузьминов Испанияда өлтүрүлгөн. Ал былтыркы жылы өзү башкарган тик учагы менен Украинага өтө качып, башка орус аскерлерин да үгүттөгөн эле.