Орус окумуштуулары онкологияга каршы вакцина жасоого жакындап калышканын Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин “Келечек технологиялар” форумунда билдирди.
Орус лидери илимпоздор рак оорусуна каршы вакциналарды, ошондой эле иммунитет боюнча дарылардын акыркы муунун жасоого жакын экенин билдирди. Ал мындай дары-дармектер жакында жекече терапиянын методу катары натыйжалуу колдонулаарына ишенимин билдирди. Владимир Путиндин айтымында, 2023-жылы өлкөдө 530 ата мекендик дары катталган.