Орус-Кыргыз Фонду цемент заводун куруу үчүн 45 млн доллар жеңилдетилген насыя бөлдү. Мындай маалыматты аталган фонддон билдиришти.
Маалыматка ылайык, завод курулуп, ишке киргенден баштап, жалпы Кыргызстанды камсыздап, кошуна мамлекеттерден цемент импорттоону токтотот. Заводдо өндүрүштүк газдан электр энергиясын иштеп чыгаруу технологиясын колдонуу пландалууда.