Ыйык Рамазан айында Челябинск шаарынан келген Илья аттуу орус жигит мусулманчылыкты кабыл алды. Ага калима айттырып, Халид Бин Велид деген улуу колбашчынын атын ыйгарган Замир кары Ракиев “сүйлөй бергенден 10 адам таасирленсе, адамдын кыймыл аракетинен жана кулк мүнөзүнөн 1000 адамдын 900 ү таасир алат”,- деди. Экс-муфтий Ильяга жакшы өрнөк болушкан анын эки досуна да ыраазычылыгын билдирди.