Орус жарандыгын алган 22 борбор азиялыкка кылмыш иши козголду. Мындай маалыматты Орусиянын тергөө комитети маалымдады. Учурда укук коргоо органдары аларды издеп жатат. Орус жарандыгын алган кыргыздардын жалпы саны 600 миңдей экендиги кабарланууда. Орусия 2024-жылдын 1-январынан баштап аскерге чакыруу мөөнөтүн 30 жашка чейин узартууну пландоодо. Аскерге баруудан баш тарткан жарандар эки жылга чейин камакка алынат.