Орус бийлиги айрым чектөөлөрдү киргизди

Автор

2025-жылдын 1-январынан баштап, мигранттар үчүн айрым чектөөлөр киргизилди. Эми тамеки, ичимдик жана стационардык жайларда тамак-аш сатууга, спорт, маданият, эс алуу жайларында, саламаттык сактоо, билим берүү жаатында иштөөөгө тыюу салганын Орус бийлиги маалымдады. Мындай чечим жергиликтүү тургундардын даттануусунан улам кабыл алынган. Учурда мигранттардын 3/1 бөлүгүнө такси айдап эмгектенүүсүнө чектөө киргизилген. Яндекс Go такси кызматынын жетекчилеринин бири Антон Петраков мындай чектөөлөрдөн улам 130 миң такси айдоочусу жетишпейт деп билдирди.
Орусияда мигранттарга болгон күчөтүлгөн абал 22-марттагы Крокус Сити окуясынан кийин күч алган. Белгилүү болгондой, тажик улутундагы мигранттар аталган комплексте терракт уюштуруп, натыйжада, 145 киши набыт болгон.

Бөлүшүү:
Next Post

Трамп Зеленскийди "тарыхтагы эң мыкты соодагер" деп атады

АКШ президенттигине талапкер Дональд Трамп Украина президенти Владимир Зеленскийди “тарыхтагы эң мыкты соодагер” деп атады. Бул тууралуу АКШнын экс-президенти Пенсильваниядагы митингде билдирген. “Менимче, Зеленский тарыхтагы эң мыкты соодагер. Ал ар бир жолу биздин өлкөгө келгенде, 60 миллиард доллар менен кетет”,-деди Трамп. “Эгерде мен шайлоодо жеңсем, биринчи кылган ишим Зеленский менен […]

Сизге жагышы мүмкүн