Россия Украина боюнча тынчтык сүйлөшүүлөрүнө катышуусу керектигин Швейцариянын тышкы иштер министри Игнацио Кассис билдирди
«Россия сөзсүз кошулушу керек болгон Тынчтык конференциясы жол ачат. Мен январда Давосто орустарсыз дүйнө болбойт дегем»,-деген министр анын позициясы өзгөрбөгөнүн баса белгиледи.
Бир күн мурда Швейцария менен Кытай Украина жаңжалын тынчтык жолу менен чечүүгө арналган саммитке Россияны чакырганы кабарланган.
13-мартта Россиянын Тышкы иштер министрлиги Москванын өкүлдөрү чакырылган күндө да Украина боюнча Швейцариядагы конференцияга катышуудан баш тарта турганын билдирди.
Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Валдай клубунун конференциясында Швейцария Россия менен Украинанын ортосунда бейтарап ортомчу ролуна ылайыктуу эместигин айткан.