Орусия 4 президент кызматтан кетиши керек деп эсептейт

Автор

Орусиянын коопсуздук кеңешинин төрага орун басары Дмитрий Медведев тез арада кызматтан кетиши керек болгон 4 президенттин атын атады. Алар Франциянын президенти Эмануэл Макрон, Түштүк Кореянын президенти Юн Сок Ёль, Грузиянын президенти Саломе Зурабишвили жана Украинанын президенти Володимир Зеленский.
Дмитрий Медведев аты аталган президенттерди саткын, Американын колдоосуна муктаж, ошолордун айтканын гана аткарган начар жана өтө күчсүз катары сыпаттаган. Ал мындай пикирин өзүнүн телеграмм баракчасы аркылуу бөлүшкөн.

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүнкү доллардын курсу

Бүгүн, 5-декабрь саат 09:30га карата Кыргызстандын коммерциялык банктарда жана акча алмаштыруучу жайларда 1 долларды сатып алуу 86 сом 72 тыйын болсо, сатуу 87 сом 15 тыйынга чейин болууда. Ал эми Улуттук банкта 1 доллардын курсу 86 сом 80 тыйын деп көрсөтүлгөн Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн