Орусия 2024-2025-окуу жылына кыргызстандыктар үчүн 700 орун бөлдү

Автор

Кыргызстандын жарандары 15-декабрга чейин Россиянын жогорку окуу жайларында бакалавриат, адистик, магистратура, аспирантура, ординатура жана кошумча кесиптик билим берүү программалары боюнча окууга арыз берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ.

Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришкендей, 2024-2025-окуу жылына карата Россиянын өкмөтү тарабынан Кыргызстанга 700 бюджеттик квота бөлүнгөн.

ЖОЖдор, билим берүү программалары жана сайтка катталуу формасы тууралуу кеңири маалыматтарды бул шилтеме аркылуу, ал эми арыз берүү үчүн маалыматтарды төмөнкү телефондор: +996(312)30-05-43, 0770-22-45-95 жана abiturient@kgz.rs.gov.ru электрондук почтасы аркылуу алсаңыздар болот.

Бөлүшүү:
Next Post

Аба ырайы кескин сууктайт. Синоптиктер чукул билдирүү таратты

Кыргызгидромет борбору аба ырайына байланыштуу чукул билдирүү таратты. Синоптиктердин маалыматына караганда, устүбүздөгү жылдын 9-12-декабрь күндөрү аба ырайынын кескин өзгөрүшү күтүлүүдө. Көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Зымдарга жана бактарга суу кар жабышат. Жолдор тоңголок жана тайгак болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Бул күндөрү батыштан соккон […]

Сизге жагышы мүмкүн