Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов Орус бийлигинин өкүлдөрү менен жолугушуп, Ош шаарына курулушу пландалып жаткан заманбап мектептин долбоорун талкуулашты. Делегациянын курамында Россия Федерациясынын Президентинин Чет өлкөлөр менен аймактар аралык жана маданий байланыштар боюнча жетекчисинин орун басары Антон Рыбаков баштаган жоон топ өкүлдөр бар.
Өз кезегинде шаар мэри “1224 окуучу билим ала турган заманбап мектептин долбоорунда бассейн, спорт зал жана стадион бар. Бул имарат “Кыргыз-Орус” мамилесинин символдорунун бири болуп калат”, -деп билдирди.