Орусияны ЕАЭБдин нормаларын сактоого чакырды

Автор

Депутат Медер Алиев бүгүнкү, 16-октябрдагы парламенттик жыйында Орусияда эмгектенген кыргызстандык мигранттардын көйгөйүнө токтолуп, Орусияны ЕАЭБдин нормаларын сактоого чакырды.
“Орусия мигранттар үчүн катаалдашкан жана жашоо шарттарын оорлоштурган мыйзам кабыл алды.
Орусияда мурдагы постсоветтик өлкөлөрдүн жарандары эмгектенет. Алар менен кошо Индия менен Пакистандын жарандары да бар. Бирок Кыргызстан ЕАЭБге мүчө өлкө. Аталган уюм түзүлүп жатканда, бири-бирине ыңгайлуу шарттарды түзүп берүүнү, товарлардын чек арадан өтүүсүн ыңгайлаштырууну милдеттенишкен. Бүгүнкү күнү ЕАЭБдин нормаларынын сакталышы болуп көрбөгөндөй актуалдуу болуп турат. Ырас, ошондой милдеттенмелерди алгандан кийин ЕАЭБге кирген ар бир мамлекет аларды аткарышы керек”,- деп маалымдады депутат.

Бөлүшүү:
Next Post

Карьера жасагандар үчүн кеңештер

Сөздүн жакшы маанисинде карьерист болуу анчалык деле оңой эмес. Бул көп убакытты жана күчтү талап кылат. Эмесе биз жолуңузду жеңилдете турган практикалык кеңештер бар. Дүйнөдөгү ири компанияларга талапкерлерди издөөнүн белгилүү бир логикасын иштеп чыгышкан. Барган сайын компаниялар белгилүү бир ой жүгүртүүсү, дүйнөгө болгон мамилеси жана андагы орду менен кызматкерлерди жалдоону […]

Сизге жагышы мүмкүн