Орусия Кыргызстандын 76 миңден ашуун жаранын “кара тизмеге” киргизгенин Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Бакыт Дарманкул уулу маалымдады.
Ал “тобокелчиликке кабылган жарандардын тизмесинде 70 миңден көп адам бар. Алар Орусиянын аймагына киргенден кийин административдик мыйзам бузууга баргандар. Биздин жарандар өздөрүнүн кара тизмедеги абалын чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунун сайтынан биле алышат”,- деди.