Эл аралык Олимпиада комитетинин(МОК) президенти Томас Бах орусиялык жана беларусиялык спортчуларды эл аралык аренага кайтып келүүсү үчүн эки шарттын белгиледи. Биринчиси, бул бейтарап статуста гана болоорун ачык айтты.
Экинчиси, Бах орус жана белорустардын кайтып келиши тууралуу пикиринде спорттун кээ бир түрлөрү боюнча гана колдой тургандыгын билдирди. Тактап айтканда, теннис, хоккей, гандбол жана футболго көңүл бурду.
“Орусиялык жана беларус паспорту бар спортчулардын эл аралык мелдештерге катышуусу жакшы болмокчу. Муну биз күн сайын спорттун бир катар түрлөрүнөн көрүп жатабыз. Теннис боюнча дагы ушундай учурлар бар, алар дагы велоспортто, гандбол, хоккей, футбол, башка мелдештерде”, – деди Бах.