Орусиялык  спортчуларга Азия оюндарына катышууга тыюу салынды

Автор

Азия оюндарында орусиялык жана беларусиялык спортчуларга катышууга тыюу салынды. Мындай чечимди Эл аралык Олимпиада комитети кабыл алгандыгын чет элдик спорт басылмалары жазууда.

“Орусиялык же беларусиялык спортчулар жок. Бул Эл аралык Олимпиада комитетинин чечими”, – деп жазат  Азиянын Олимпиадалык кеңешинин өкүлү.

Буга чейин Азия Олимпиадалык кеңеши  Орусия менен Беларустун өкүлдөрүн Азия оюндарына катышууга чакырган. Мелдеш Кытайдын Ханчжоу шаарында 23-сентябрдан 8-октябрга чейин өтөт.

Кийинчерээк Орусиянын Олимпиада комитетинин башчысы Станислав Поздняков орусиялыктар Азия оюндарына катышууга расмий чакыруу ала электигин билдирген.

Бөлүшүү:
Next Post

Сапаттуу сүттү кантип тандоо керек?

Адистер жогорку сапаттагы сүттү кантип тандоону жана бул азыкты  туура сактоону айтып берди. Алар сапатсыз сүт азыктарын колдонуу шарп, курч ичеги оорулары, кургак учук, бруцеллез ооруларына алып келерин айтышты. Мунун алдын алуу үчүн Роспотребнадзор сүт сатып алууда бир нече жөнөкөй эрежелерди сактоону сунуштады. Биринчиден, өнүмдөрдү “белгиленген жерлерден, муздаткыч жабдуулары жана […]

Сизге жагышы мүмкүн