Орусиялык депутат, генерал – лейтенант Андрей Гурулевдин соцтармактар аркылуу Казакстан жөнүндө сүйлөгөн сөзү тарап, анда Орусиянын Украинадан кийинки планы Казакстан экенин айткан.
Кийинчерээк бул видео өзүнө таандык болбогонун билдирип, “Украиналыктар мындай жол менен “Орус-Казак” мамилесин бузууга аракет жасап, чагымчылдык жасашууда”,- деп билдирген. Орус депутатынын мындай билдирүүсү Казак коомчулугунда катуу талкууларга жем таштады. Нааразычылыктар дале уланууда.