Орусиялыктар 9 мектеп курушат

Автор

Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаеванын жетекчилиги алдында россиялык өнөктөштөр кура турган 9 билим берүү мекемесинин курулушуна даярдык көрүү боюнча жыйын өттү.
Ведомстводон билдиришкендей, жыйынга Билим берүү министрлигинин Эл аралык кызматташтык жана коомчулук менен байланыштар департаментинин кеңешчиси Иван Соломоненко жетектеген Россия Федерациясынын делегациясы катышты.
РФ өкүлдөрү курулуштун техникалык деталдарына токтолушуп, мектептердин дизайны, инфраструктурасы бирдей болорун белгилешти.
Жолугушуунун катышуучулары эки өлкө ортосундагы долбоорду этап-этабы менен ишке ашыруу жана мектепке чейинки билим берүү уюмунун биргелешип иштөө мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.

Бөлүшүү:
Next Post

Түрк мамлекеттер уюмунун 11- саммити Кыргызстанда өтөт

Түрк мамлекеттер уюмунун президенттеринин 11-саммити быйыл Кыргызстанда өтөт. Бул тууралуу Анталия Дипломатиялык форумунун үчүнчү жыйында айтылды. Жыйындын алкагында Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев менен жолугушуп, Кыргызстандын Түрк мамлекеттер уюмунун алкагындагы жалпы маселелери, ТМУ Катчылыгынын учурдагы ишмердүүлүгү, ошондой эле Уюмдун алдыдагы пландары талкууланды. […]

Сизге жагышы мүмкүн