Орусияда мындан ары согуштук кошуундарда кызмат өтөгүсү келген анча оор эмес кылмыштар үчүн айыпталып жаткандар кылмыш жоопкерчилигинен бошотулушу мүмкүн. Орусиянын мамлекеттик Думасы сотторго, прокурорлорго жана тергөөчүлөргө алардын кылмыш иштерин жабууга уруксат берген мыйзам долбоорун карамак болууда. Ал эми Орусиянын кылмыш-жаза кодекстинде атайын же, билбей жасалган аракеттер “анча оор эмес кылмыш” болуп эсептелет.