Орусияда Кыргызстандын Маданият күндөрүн өтөт

Автор

Кыргызстандын Россиядагы элчиси Кубанычбек Бөкөнтаев Россия өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Алексей Оверчук менен жолугушту. Бул тууралуу Кыргызстандын тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, жолугушууда кыргыз-орус кызматташтыгынын актуалдуу маселелери талкууланды.
Тактап айтканда, Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын белгилөөгө арналган Россияда Кыргызстандын Маданият күндөрүн жана пландалган иш сапарлардын алкагында алдыдагы биргелешкен иш-чараларга даярдык көрүүнүн жүрүшү тууралуу сөз болду.
Жолугушуунун жыйынтыгында өлкөлөр ортосундагы саясий диалогду тереңдетүү жана көп кырдуу кызматташтыкты бекемдөө боюнча өз ара ниеттер ырасталды.
Эске салсак, бул жуманын башында Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Казань (Татарстан), Москва, Санкт-Петербург жана Минск шаарларында (Беларусь) Кыргызстандын маданият күндөрүн өткөрүү боюнча кеңешме өткөргөн. Анда 18-22-октябрь күндөрү Россияда Кыргызстандын маданият күндөрү өтөөрү айтылган.

Бөлүшүү:
Next Post

Президент Садыр Жапаров Рим папасы менен жолугушту

Бүгүн, 4-октябрда Ыйык Тактыга (Ватикан) жасаган расмий сапардын алкагында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жана биринчи айым Айгүл Жапарова Рим папасы Франциск менен жолугушту. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдирди. Мамлекет башчысы тынчтыктын, адилеттүүлүктүн жана элдер менен диндердин ортосундагы өз ара түшүнүшүүнүн жогорку принциптерин жана идеалдарын илгерилетүүгө болгон берилгендиги […]

Сизге жагышы мүмкүн