Орусияда Куран өрттөгөн киши 14 жылга камакка кесилди

Автор

Ал Кылмыш кодексинин “Мамлекеттик чыккынчылык” беренеси менен айыпталды.
Никита Журавель аттуу орус жараны 2023-жылы Волгоград шаарындагы мечиттин алдына келип, мусулмандардын ыйык китеби болгон Куран Каримди өрттөгөн. Волгоград милициясы аны кармап, Чеченстан Республикасына өткөрүп берген. Чечен соту “диний баалуулуктарга акараат” беренесине таянып, аны 3.5 жылга кескен эле. Кайра Волгоград шаардык сотунда бир жыл тергелип, 14 жылга өкүм кийгени белгилүү болду. Орус басма сөзү анын Украинанын коопсуздук кызматтары менен жазышканын жана Орусиянын коопсуздугуна коркунуч келтирген тапшырмаларды алганын жазды. Волгограддагы сот жабык эшик артында өттү.

Бөлүшүү:
Next Post

Жактоочу 30-декабрга чейин камакка алынды

Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Имамидин Ташовдун жактоочусу Самат Матцаковдун бөгөт чарасын карап, камакта калтыруу чечимин кабыл алды. Сот жактоочу Самат Матцаковду 30-декабрга чейин УКМКнын тергөө абагында калтырды. Камактагы жактоочунун укугун коргоого келген кесиптештери болсо, ишти караган судьяга ишенбөөчүлүк көрсөтүштү эле Судья өтүнүчтү четке какты. Белгилүү болгондой, УКМК Самат […]

Сизге жагышы мүмкүн