Москва облусунун аймагында жашап, иштеген 136 Кыргыз мигрант Орусиядан депортация болду. Алардын ар бирине кеминде 5-10 миң рублге чейин айып салынган. Былтыркы жылдын сентябрь айынан бери Орусия мигранттардан эмгек келишими, жашаган жери боюнча миграциялык жана медициналык каттоо сыяктуу эрежелерди күчүнө киргизген. Орусиядан чыгарылып жаткан жарандар Орус мыйзамдарын бузгандар экени айтылды.