Орусиядан мыйзамсыз ташылып келген 700 тонна буудай аныкталды

Автор

Кыргызстанга Орусиядан 700 тонна буудай мыйзамсыз ташылып келген. Бул тууралуу Cуу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти “Беловодск” темир жол станциясына “Орион Экстра” ЖЧК тарабынан 10 вагон буудай Россиядан Кыргызстанга ташып кирүүдө бирдиктүү карантиндик фитосанитардык талаптардын бузулушун аныктаган.
Фитосанитардык текшерүү учурунда жүктү коштоочу документтерде фитосанитардык сертификаттын оригиналы жана лабораториядан буудайга берилүүчү сыноо протоколу жок болуп чыккан.
Натыйжада департамент тарабынан аныкталган фитосанитардык бузуулар боюнча өсүмдүктөрдүн карантини чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык тиешелүү чаралар көрүлүүдө.

Бөлүшүү:
Next Post

Майк Тайсон рингге кайтып келет

Атактуу оор салмактагы мушкер, 58 жаштагы Майк Тайсон 2005-жылдан бери биринчи жолу профессионалдык рингге кайтып келет. Быйыл күздө анын атаандашы видеоблогер Джейк Пол болмокчу, деп жазат чет элдик спорт басылмалары. Маалыматка ылайык, сегиз раунддан турган беттеш 15-ноябрга Техас штатында белгиленген. Бул үчүн 80 миң көрүүчүгө ылайыкташкан AT&T стадиону атайын бөлүнгөн. […]

Сизге жагышы мүмкүн