Орусиядагы мигранттардын саны эки эсеге азайды деп маалымдады жарандарды ишке орноштуруу борборунун адиси Эсенбек Эргешов. Ага рублдин төмөндөшү, террактык окуялар жана саясий окуялар себеп болгон. Учурда мигранттар Англия тарапка агылууда. Февралда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Орусияда 408 миңден ашуун Кыргызстандык эмгектенип жатканын билдирсе, бул көрсөткүч күн сайын төмөндөөдө. Мигранттардын көпчүлүгү Европа мамлекеттерине, Түштүк Кореяга жана АКШга жер которуп жатышат.