Орун басар депутаттарга коңгуроо кылып…

Автор

Талас облусунун Көпүрө Базар айылыңдагы ооруканага Жогорку Кеңештин депутаттары менен саламаттык сактоо министри токтоп, маселелери менен таанышып кайтышкан учурда, аларга Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары телефон чалып, “силер ал жерге эмнеге барасыңар, ким уруксат берди”,- деген.
Депутаттар Марат Мураталиев менен Дастан Жумабеков бүгүнкү, 9-октябрдагы пленардык жыйында ушул маселе боюнча нааразычылыгын билдиришти. Ал эми Эрулан Көкүлөв “мындай көйгөй бир эле менде бар окшойт деп ойлодум эле. Архитектуранун чоңдору бир да жыйыныбызга келбейт. Ал эмес чакырса, барбагыла дептир”,- деди. Алар министрлер кабинетинин төрага орун басарына даттанышып, чара көрүүнү суранышты.

Бөлүшүү:
Next Post

Туризмдин келечеги талкууланды

Туризмди өнүктүрүү боюнча улуттук кеңешинин жыйыны өтүп, ага Эдил Байсалов, Кудрет Тайчабаров катышышты. Жыйында быйылкы жылдын жайкы туристтик сезонунун жыйынтыгы чыгарылды. Ошондой эле туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун негизги долбоорлору боюнча кыскача талкуу жүрүп, тышкы жана ички туризмди өнүктүрүү жөнүндө сөз жүрдү. Жыйынында Экономика министрлигине караштуу Туризм департаментинин директору Максат Усубалиев […]

Сизге жагышы мүмкүн