Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов катуу иштеп, шаарды өнүктүрүү боюнча болгон аракетин жумшап жатат. Бирок, аңыз кептердин аягы тыйылбай, аны борборго көтөрүлөт дешсе, анын ордуна Нарын облусунун губернатору Алтынбек Эргешовдун бараары айтылууда. Орун алмашкан менен сумма өзгөрөбү?
Ош шаарынын тургундары болсо, “бийлик Бакытбек Жетигеновду баштаган иштери бүткүчөктү ордунан козгобой турса, жакшы болмок”,- дешүүдө.
Коомчулукка анча тааныш эмес Алтынбек Эргешов Бакиев доорунан бери келаткан чиновник. Ал такшалган аппаратчы катары бааланып келет.
Кийинки VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2026-жылы Кыргызстанда өтөт
Шей Сен 10 , 2024