Мамлекеттик курулуш агенттигинин директору Нурдан Орунтаев Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматова чакырса, келбей койгон. “Кечээ аны чакырсам, 90 депутаттын ар бирине барганга убактым жок деп келбей койду. Кайра – кайра чакыртып атып, араң келтирдим. Анда да, 5 мүнөттөн кийин кетип калды”,- деди депутат.
“Мындай мүнөзү менен милицияда иштей турган бала экен. Юридикалык билими бар адам курулуш тармагында иштебеши керек. Ал жерди жөндөп кеталбайт”,- деген пикирин билдирди.