“Дордой” жана “Орто-Сай” базарларындагы 8 гектар жердин тагдырына сот чекитти койду. Бишкек шаардык мериясы “Оберон” базарын мамлекеттин менчигине өткөнүн маалымдады. Ушул кезге чейин аталган жерге “Оберон” ишканасынын кожоюндары Кубатбек Байболов менен анын жубайы Нуржамал Байболова ээлик кылып келишкен.
Бирок, Нуржамал Байболова «Оберон» базарын мамлекет алардан тартып алганын жана менчик укугу бузулганын айтууда.