Кыргызстанда 2024-жылдын январь-февраль айларында ишканалардын жана уюмдардын кызматкерлеринин орточо айлык номиналдык эмгек акысы (чакан ишканаларды эсепке албаганда) 33 миң 512 сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.
Алсак, эң көп эмгек акы Ысык-Көл облусунда – 40 миң 797 сом, Бишкек шаарында – 39 миң 836 сом, Талас облусунда – 36 миң сом жана Нарын облусунда – 33 миң 721 сом катталды.