Орозо айт намазы 21-апрель, жума күнү Бишкек шаарынын эски аянтында окулуп, таңкы саат 06:00дө башталат. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.
Айт намаздын программасы:
Саат 06:00-07:00дө – Дин аалымдарынын баяндамасы;
Саат 07:00-07:30дө – Муфтийдин куттуктоосу жана баяндамасы;
Саат 07:30дө – Айт намаз.
Шар Апр 19 , 2023
Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, эртең, 20-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ош облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Ысык-Көл облусунун тоолуу райондорунда жаан, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +13…+18; Талас […]