Орозонун ден соолукка пайдалары

Автор

Рамазан айында орозо кармоо бир гана жан дүйнөбүзгө тынчтык алып келбестен, ден соолугубуз үчүн да өтө пайдалуу болуп саналат. Изилдөөлөрдүн жыйынтыгында, орозо туткан адамдын ден соолугу чыңдалып, бир топ оорулардан алыс болору байкалган.
1) Организмдеги токсиндер чыгат
Орозо кармаган адам жеп-ичүүдөн тыйылгандыктан, организмдеги ички ресурстар мобилизацияланат. Бул топтолгон май жана токсиндердин (уу заттар) организмден чыгышына шарт түзөт.
2) Иммундук система жакшырат
Рамазан айындагы орозону туура кармоо иммунитетти көтөрөт. Ал үчүн орозо кармаган адам ооз ачарда жана бекитерде тең салмактуу тамактануу талап кылынат.
3) Сезгенүү жеңил өтөт
Орозодо тамактан баш тартуу сезгенүү процесстеринин жана псориаз сындуу аллергиялык реакциялардын азайышына, жадагалса жоголуусуна өбөлгө түзөт.
4) Тери жана көздүн абалы жакшырат
Орозо кармаган адамдын организминдеги регенеративдик процесстердин аркасы менен тери жана көз алмасы тазаланат. Орозо туткандан кийин көздүн агы тунук жана жарык болуп калгандыгын байкасак болот.
5) Инсулинге сезгичтик жогорулайт
Рамазан айында инсулинге болгон сезгичтик жогорулайт, бул – маанилүү өзгөчөлүк. Клетканын инсулинге сезгичтигинин жогорулоосу тамактангандан кийин кандагы канттын деңгээлин жакшы жөнгө салууга шарт түзөт. Албетте, бул уйку бездеги жүктү азайтат.
6) Жогорку кан басым төмөндөйт
Орозо жогорку кан басымды төмөндөтүүгө жардам берет. Орозо туткан адамдын кан басымы жогору болсо, ал Рамазан убагында нормага келет.
7) Тамак сиңирүү системасы эс алат
Рамазанда туура тамактанып, ифтарда ашыкча жеп-ичпесек, тамак сиңирүү системасы кадимкидей эс алат. Бул бир жылдык оор жумуштан кийин ичеги-карын, ашказанга тайм-аут бергенге барабар десек болот.
8) Ашыкча салмактан арылтат
Орозо кармаган адамдын организминде май запастары азайып, тез арыктоого алып келген процесстер активдешет. Бирок орозо – арыктоонун ыкмасы эмес. Курамында май жана кант кездешкен тамак-аштарды колдонууну азайтып, жашылча-жемиштерди көбөйтүү эфективдүү жардам берет.

Бөлүшүү:
Next Post

Блоггер 5 күнгө камалды

Өзүн блогер катары тааныткан Нурболот Турганбаев аттуу жигит көчөдө тартип бузуп, бейтааныш кызга акаарат келтирген үчүн 5 суткага камалды. Мындай чечимди 27-мартта Ош шаардык соту чыгарды. Ал Укук бузуулар жөнүндө кодекстин “Майда бейбаштык” беренеси менен айыпталууда. Ага чара көрүүнү өтүнүп, Азамат Ормокеев аттуу активист кайрылган. 26-мартта болсо, акааратка кабылган ошол […]

Сизге жагышы мүмкүн