УКМКнын мурдагы төрагасы Орозбек Опумбаев 2020-жылдагы октябрь окуяларында “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында болгонун айтты. Кечээ 2-декабрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Кой-Таш окуясы боюнча отурум болуп, анда Опумбаев күбө катары көрсөтмө берген. Ал журналисттердин бир топ суроолорун жоопсуз калтырган.
Орозбек Опумбаев 2020-жылдын 9-октябрында кызматтан алынган. Ошондон бери ал коомчулукка көрүнгөн эмес.