Орган саткан кылмыштуу топ кармалды

Автор

Пакистанда бай кардарларга трансплантациялоо үчүн адамдардын бөйрөгүн мыйзамсыз алган дарыгер жетектеген сегиз кишиден турган кылмыштуу топ кармалды.
Пакистандын Пенджаб провинциясынын өкмөтүнүн башчысы Мохсин Накви жекшемби күнкү маалымат жыйынында доктор Фавад Мухтар бөйрөктү алуу операцияларын үйдө, көбүнчө донор бейтаптардын макулдугусуз жасаганын айтты.
Наквинин айтымында, дарыгерге операциялар учурунда кесиби боюнча автомеханик ассистент катары жардам берген. Алар 328 операция жасашып, анын кесепетинен үч донор көз жумган.
Тергөөчүлөрдүн маалыматы боюнча, кармалгандар чет элдик бейтаптар үчүн 120 миң доллар жана пакистандыктарга 3 миллион 36 миң долларга бөйрөктөрдү сатышкан.
Доктор Мухтар буга чейин беш жолу камакка алынган. Бирок паракор полициялардын жардамы менен бошогон.
Пакистанда 2010-жылы адам органдарын сатууга мыйзам тарабынан тыюу салынган. Донорлор, дарыгерлер жана ортомчулар тарабынан органдарды чет өлкөгө массалык түрдө сатууну токтотууга үмүттөнүп, бийлик бул үчүн катаал жазаларды, он жылга эркинен ажыратууну жана ири айыптарды киргизген.

Бөлүшүү:
Next Post

Нурланбек Шакиев Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчисин кабыл алды

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси Николас Боулерди кабыл алды. Парламенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, жолугушуу бүгүн, 3-октябрда орун алып, анда эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык байланыштардын учурдагы абалы, парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды. Нурланбек Шакиев алгач Николас Боулерди Кыргызстандагы дипломатиялык ишмердүүлүгүнүн башталышы менен куттуктады. “Сиздин […]

Сизге жагышы мүмкүн